Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн98
mod_vvisit_counterКечээ1267
mod_vvisit_counterБул апта4418
mod_vvisit_counterӨткөн апта7621
mod_vvisit_counterБул айда22544
mod_vvisit_counterӨткөн айда33702
mod_vvisit_counterБаары3345585

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 18
Сиздин IP: 34.228.143.13
,
Убакыт: 2019-02-21 02:33

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Регионалдык окуу борборун түзүү жөнүндө КРӨ караштуу МБК менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун ортосунда Меморандумга кол коюлду Print

 

2018-жылдын 19-декабрында Брюссель шаарында (Бельгия) Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын делегациясынын визитинин алкагында Кыргыз Республикасында БДБУнун Регионалдык окуу борборун түзүү жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу  меморандумга кол коюлду.


Меморандумга Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын атынан  МБКнын төрагасынын биринчи орун басары Ш.Бердалиев, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун атынан – Башкы катчы Кунио Микурия мырза кол коюшту.


Меморандум бажы органдарынын кызматкерлерин даярдоо сапатын арттыруу чөйрөсүндө натыйжалуу эл аралык кызматташуу максатында бекитилген жана  азыркы учурда иштеп жаткан Адистештирилген окутуу бажысынын базасында Кыргыз Республикасында БДБУнун Регионалдык окуу борборун түзүүнү караштырат.


Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасында БДБУнун Регионалдык окуу борбору БДБУнун 183 мүчө-мамлекеттеринин ичинен БДБУнун 26 Регионалдык окуу борбору болду.


Ошондой эле 2018-жылы 20-декабрда төмөнкү жолугушуулар болуп өттү:


- БДБУнун «Глобальный щит» программасынын координатору Ральф  Вагнер мырза  менен, ал аталган программанын алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары акутуалдаштыруу зарылчылыгы тууралуу ниетин билдирди.


-Кыргыз Республикасында БДБУнун Регионалдык окуу борборун өнүктүрүү стратегиясын, ошондой эле  Кыргыз Республикасында БДБУнун Регионалдык окуу борбору БДБУнун башка регионалдык борборлору менен өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуу боюнча  БДБУнун Институционалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин диретору Бренда Мундиа айым менен.


Бренда Мундиа радиациялык жана ядердик коопсуздук жабдыктары менен жабдылган Адистештирилген окутуу бажысынын өзгөчөлүгүн эске алып, Меморандумга кол коюу регионалдык деңгээлде институционалдык өнүгүү боюнча БДБУ менен Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматташуусун өнүктүрүү үчүн чоң түрткү боло алышын баса белгиледи, ошондой эле БДБУ тарабынан аталган багыт боюнча кызматташууну жемиштүү өнүктүрүү боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүлүшүнө ынандырды.


Азыркы учурда Адистештирилген окутуу бажысына Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан активдүү көмөк көрсөтүлүп жатканын бажы кызматында белгилешти. Аталган долбоор менен мындан аркы да кызматташуу пландалууда, ошондой эле КР ТИМ жана КР Өкмөтүнүн Аппараты менен макулдашуудан кийин Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн башка эл аралык долбоорлорду жана программаларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралат.

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР