“Т” ААК тарабынан товарларды жалган декларациялоо фактысы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аныкташты Print

 

 

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «БИМИ Ош Сервис» бажылык тариздөө жайында “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери КЭРден келген товарларга тыкыр текшерүү жүргүзгөн учурда “Т” ААК тарабынан берилген товар коштоочу документтер боюнча билдирилген товарлардын ылайык келбегендиги аныкталган.


Тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 1 млн. сомдон жогору болгон.


Материалдар КЖБР МЭЖге катталган.


Бул факты боюнча материалдар Ош областы боюнча КРӨгө караштуу ЭККМК ТБга өткөрүлүп берилди. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 230-б. 2-п. 2-б. боюнча кылмыштардын белгилери боюнча КЖБРге катталган.