Мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print

 

 

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында А.Д. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес – Бенц” үлгүсүндөгү автотранспорт каражаты токтотулуп текшергүүгө алынган.


Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда атайын бекитилип жасалган жай аныкталган, ал жерди ачып текшерген учурда “CAVALLO” маркасындагы акциздик маркасы жок 28 каробка (14000 пачка) тамеки продукциясы табылган.


Кармалган товардын суммасы 700 000 сомду түзөт. Бул товар Республика Таджикистандан мыйзамсыз ташылып келинген.


Бул факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материал Ош облустук прокуратурасына мыйзамга ылайык чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.