Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн441
mod_vvisit_counterКечээ1967
mod_vvisit_counterБул апта3996
mod_vvisit_counterӨткөн апта15273
mod_vvisit_counterБул айда40005
mod_vvisit_counterӨткөн айда49856
mod_vvisit_counterБаары3495850

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 17
Сиздин IP: 34.229.151.87
,
Убакыт: 2019-05-21 07:37

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Региондук окутуу борборунун расмий ачылыш салтанаты болуп өттү Print

 

 

Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Кунио Микурия Кыргыз Республикасына визит менен келди. Визиттин максаты бажы ишинин негизги багыты боюнча Кыргыз Республикасынын бажы кызматы менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.


2019-жылы 16-апрелде Кунио Микурия Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Д. Абылгазиев менен жолукту, Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Региондук окутуу борборунун расмий ачылышынын салтанатына катышты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги жана жамааты менен жолугушуу өткөрдү.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Д. Абылгазиев менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Кунио Микуриянын эки тараптуу жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун кызматташуу, жумушчу органдарда катышууну кеңейтүү, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун программасын, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун инструменттерин колдонуу менен соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча (СУПТ) Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун макулдашуусун ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн «Меркатор» программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды.


Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму менен өз ара мамилелеринде Кыргыз Республикасынын бажы кызматына жаңы импульс берген 2018-жылдын негизги окуяларынын бири  Брюссель шаарындагы (Бельгия) Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун штаб-квартирасында “Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Региондук окутуу борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө” меморандумуна кол коюу болуп саналат.


Меморандумга ылайык, Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Адистештирилген-окутуу борбору эл аралык статуска ээ болду жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Европа регионундагы жетинчи региондук окутуу борбору болуп калды.


Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Кунио Микурия мырза Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун бажы кызматтарынын кызматташуусу коопсуздукту камсыз кылуу, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана эл аралык соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында заманбап эл аралык стандарттарга ылайык бажы ишин жакшыртууга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи. Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун окутуу борбору Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун борбордук-азия регионунун гана эмес, жалпы европа регионунун институционалдык өнүгүүсү үчүн жаңы импульсту түзөт деп белгиледи Кунио Микурия мырза.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.М.Онолбеков Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Кунио Микурия мырзага анын Кыргыз Республикасына болгон расмий визитине, көрсөткөн колдоосуна терең ыраазычылык билдирип, кызматташуунун мындан ары бекемдешине ишенүүсүн билдирди.

 

фоторепортаж:

 

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР