Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Онолбеков менен Кыргыз Республикасында Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К. Рашидовдун жолугушуусу болуп өттү Print

 

 

 

2019-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Онолбеков менен Кыргыз Республикасында Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К. Рашидовдун жолугушуусу болуп өттү.

 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө бажы иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын бажы кызматтарынын ортосунда эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы маселелери талкууланды.


Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы товарларды жана транспорт каражаттарын ташууда бажы операцияларын ишке ашыруу тартибин жөнөкөйлөтүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу максатында (2017-жыл 13-декабрь) Маалыматтык өз ара аракеттенүү техникалык шарттары долбооруна кол коюу маселелери  талкууланды