ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген “Антигриппин - ОРВИ нео” маркасындагы дары дармаектер Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print

 

 

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын Контрабандага жана Бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2019-жылдын 21-апрель күнү болжол менен саат 22:00 чамасында, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Я.Т.Онун башкаруусундагы  “Мерседес-Бенц” спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан.


Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда, Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташып келе жаткан “Антигриппин - ОРВИ нео” маркасындагы 300 коробка дары дармаектер табылган, ар бир коробкада 42 тангак ар бир тангакта 12ден лимон жана апелсиндин даамы менен таблеткалар болгон, жалпы 151200 таблетка. Кармалган товардын наркы 2 721 600 сомду түзөт.


Бул факты Маалыматтарды каттоо журналына жана ЕРППга катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.