Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына КММ контрабандасынын маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын түшүндүрмөсү Print

 

 

Акыркы күндөрү КММ контрабандасы боюнча мамлекеттик органдарды, анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматын айыпташууда.


Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстан ЕАЭБнын толук укуктуу мүчөсү болду. Ошондон кийин мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда бажы контролу алынган.  Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогу аркылуу өтүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына текшерүүнү  жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктары жок.


Бүгүнкү күндө ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттеринин ортосунда өз ара соодалашуунун алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына контролду башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ишке ашырууда.


Ошентип, КРдин аймагына ЕАЭБ  мүчө-мамлекеттеринен келген товарларды, анын ичинде КММди каттоо, эсепке алуу жана мындан аркы администрациялоосу КРӨ караштуу МБКнын компетенциясына кирбейт.