Мамлекеттик бажы кызматынын кадр карамагында турган бажы кызматынын кызматкери Осмонов Амандын ЖМКга берген интервьюсу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын комментарии Print

2019-жылдын 21-июнь күнү, бажы кызматынын кызматкери Осмонов Аман “7-канал” жана “Апрель” телеканалдарына интервью берип,  аны бажы кызматынан мыйзамсыз бошотуп салгандыгы тууралуу билдирген жана МБКнын жетекчилигин негизсиз күнөөлөгөн. Чындыгында Осмонов Амандын айткандары чындыкка дал келбейт, себеби бүгүнкү күндө Осмонов Аманды жумуштан бошотуу тууралуу МБКнын буйругу чыккан эмес. Азыркы учурда Осмонов Аман Мамлекеттик бажы кызматынын кадр карамагында турат.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомуна ылайык Мамлекеттик бажы кызматынын 88 штаттык бирдиги кыскартылган.  Ошентип, МБКнын мурунку төрагасы К.Кулматов өзүнүн буйругу менен 88 кызматкерди Мамлекеттик бажы кызматынын кадр карамагына кетирген, алардын ичинде Осмонов Аман дагы бар.


Бүгүнкү күндө МБКда бош кызмат орундар жок, ошондон улам МБКнын жетекчилиги Мамлекеттик бажы кызматынын кадр карамагында турган кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылуу тууралуу маселесин караштырууда.