ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген бут кийимдер Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Кыргыз Республикасынын жараны С.К.Снын башкаруусундагы “Хундай Портер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.


Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан бут кийимдер табылган.


Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын наркы 840 315 сом.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.