Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн215
mod_vvisit_counterКечээ2654
mod_vvisit_counterБул апта14229
mod_vvisit_counterӨткөн апта16822
mod_vvisit_counterБул айда14229
mod_vvisit_counterӨткөн айда71893
mod_vvisit_counterБаары3930423

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 22
Сиздин IP: 18.207.238.169
,
Убакыт: 2019-12-06 02:41

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
КРӨгө караштуу МБКнын Адистештирилген окутуу бажысынын кинологдору кызматтык иттер менен КМШга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын кинологиялык түзүмдөрүнүн биринчилигине карата IX мелдеште үчүнчү жалпы командалык орунду алды Print

 

 

 

2019-жылдын 23-августунан 30-августуна чейин Россия Федерациясынын Москва шаарында Борбордук бажынын базасында (Россиянын ФБКнын Кинологиялык борбору) кызматтык иттер менен КМШга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын кинологиялык түзүмдөрүнүн биринчилигине  карата IX мелдеш жана кинологиялык ишмердиктин маселеси боюнча Укук коргоо бөлүнүштөрдүн башчыларынын комитетинин жумушчу тобунун 21-отуруму жана ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын кинологиялык бөлүнүштөрүндө кызматтык иттер менен машыгуу окутууларын уюштуруунун жана өткөрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү. Кызматтык иттердин даярдыгынын критерийлери.” темасы боюнча окуу-практикалык семинарлар болуп өттү.


Мелдешке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдор командасы төмөнкү курамда катышышкан:


-     Мелдештин калысы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын кинологиялык даярдоо секторунун башчысы Мащенко Евгений Анатольевич;


-      Команданын капитаны - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын башчысынын орун басары Якубахунов Абдурашид Усенович;


-   Мелдештин катышуучулары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Оперативдүү бажысынын кинологиялык кызмат бөлүмүнүн улук инспектору Эсенгулов Марс Маликович;

-       Мелдештин катышуучусу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын ветеринардык иш боюнча сектордун улук инспектору Гладкова Наталья Владимировна.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча КРӨгө караштуу МБКнын кинологдор командасы үчүнчү жалпы командалык орунду алды.


Мелдештин ар башка этаптарында КРӨгө караштуу МБКнын командасы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:


-    “Жол жүктө баңгизаттарды издөө” номинациясында Эсенгулов М.М.  “Жюль” кызматтык ити менен 2-орунду алган, “Жеке көрсөткүч” номинациясында 3-байгелүү орунду алган.


- “Жеңил автоунаада издөө” номинациясында Гладкова Н.В “Веста” кызматтык ити менен 3-орунду алган, “Көндүрүү” номинациясында 2-орунду алган.

 

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР