Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн2336
mod_vvisit_counterКечээ1877
mod_vvisit_counterБул апта4213
mod_vvisit_counterӨткөн апта17834
mod_vvisit_counterБул айда40821
mod_vvisit_counterӨткөн айда71893
mod_vvisit_counterБаары3957015

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 51
Сиздин IP: 3.233.224.8
,
Убакыт: 2019-12-16 19:59

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Кыргызстанда бүтүндөй республика боюнча бажы процесстерине онлайн видео-мониторинг жүргүзүү системасы киргизилип жатат Print

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) өткөрмө пунктарында жана бажылык тариздөө жайларында бажы кызматынын кызматкерлеринин ишине мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн МБКнын борбордук аппаратына маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү менен видеокөзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча жумуш өткөрүлүп жатат.


МБКнын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга, ошондой эле бажы кызматынын системасында коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө көмөктөшүүчү видеокөзөмөлдөө системасын киргизүү иштерин 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.


Азыркы учурда, 5 бажылык тариздөө жайларында видеокөзөмөлдөө камералары убактылуу сактоо кампаларынын ээлери тарабынан коюлган (БТЖ "Автомобильный", БТЖ "Бизнес-Транс-Сервис", БТЖ "Кант", БТЖ "Кыргызмебель", БТЖ "Бими Ош Сервис"), ошондой эле бажылык тариздөө жайларынын башка жерлеринде видеокөзөмөлдөө камераларын коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө  (БТЖ "Ак-Чий", БТЖ "Беловодское", БТЖ "КММ", БТЖ "Улуттук көргөзмө борбору").


2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында  472 видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу боюнча иштер аяктады (АӨП «Иркештам» - 50 видеокамера, АӨП «Кызыл-Кия» - 56 видеокамера, АӨП «Торугарт» - 73 видеокамера, АӨП «Кызыл-Бель» - 50 видеокамера, АӨП «Кайрагач» - 55 видеокамера, ТЖӨП «Джалал-Абад» - 51 видеокамера, ТЖӨП «Шамалдысай» - 39 видеокамера, ТЖӨП «Кара-Суу» - 66 видеокамера, ТЖӨП «Кызыл-Кия» - 32 видеокамера).


Ушуну менен бирге, МБК тарабынан өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында орнотулган бардык видеокөзөмөлдөө камераларын МБКнын борбордук аппаратында онлайн мониторинг жүргүзүү системасына кошуу боюнча иштер жүрүп жатат.


Бүгүнкү күндө «Торугарт» жана  «Иркештам»  өткөрмө пункттарында  орнотулган видеокөзөмөлдөө системасын «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүү системасы аркылуу мониторингдин улуттук системасына кошуу жүзөгө ашырылды.

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР