Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн2330
mod_vvisit_counterКечээ1877
mod_vvisit_counterБул апта4207
mod_vvisit_counterӨткөн апта17834
mod_vvisit_counterБул айда40815
mod_vvisit_counterӨткөн айда71893
mod_vvisit_counterБаары3957009

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 45
Сиздин IP: 3.233.224.8
,
Убакыт: 2019-12-16 19:57

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Баткен облусунун Баткен шаарында жайгашкан “Баткен” бажысынын Бажы контролу секторунун башчысынын кызмат ордуна иштөө үчүн конкурс (Кыргыз Республикасынын жарандары гана үчүн) жарыялайт Print

Талапкерлерге карата жалпы талаптар:


1)      Билими жогорку (юридикалык, экономикалык, аскердик артыкчылыктуу);

2)      Эркек жынысындагы жактар үчүн – Куралдуу Күчтөрдүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүндө милдеттүү аскердик кызматы же запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдык, же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскердик эмес) кызмат;

3)      Бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызмат орунда 3 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн (иш стажы);

4)      ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын билүү;

5)      Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

6)      Кызматкердин алдында так түзүлгөн тапшырмаларды коюуну жана алардын ишин объективдүү баалоону билүү;

7)      Жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүүнү жана инсандар ортосунда мамиле түзүүнүн заманбап ыкмасын колдонууну билүү;

8)      Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

9)      Өзүнүн ишин жана карамагындагы бөлүнүштөрдүн ишин натыйжалуу пландоону билүү;

10)  Бекем физикалык жана психикалык саламаттык;


Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы кызматынын кадрлар кызматына төмөнкү документтерди тапшырат:


1) өздүк арыз;

2) өмүр баяны менен кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасын;

3) жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдордун, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен дипломдун тиркемелеринин көчүрмөлөрү (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн) (түн нускасы документтерди тапшырууда көрсөтүлөт);

4) эмгек китепчесинин (бар болсо) нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (түн нускасы документтерди тапшырууда көрсөтүлөт);

5) паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы документтерди тапшырууда, конкурска келген учурда жана аскердик-дарыгерлер комиссиясынан өткөн учурларда көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;


Эскертүү: паспорттордун жаңы үлгүлөрүнүн ээлери паспорт столунан, үй башкаруусунан, Айыл өкмөтүнөн жашаган жери  көрсөтүлгөн маалым катты алып келишет;


- аскердик билеттин көчүрмөсү – бардык барактары (эркек жынысындагы жарандар үчүн) (түп нускасы документтерди тапшырууда, конкурска келген учурда жана аскердик-дарыгерлер комиссиясынан өткөн учурларда көрсөтүлөт);


6) төмөнкү медициналык маалым каттар талапкердин жашаган жери боюнча берилет (катталган жери боюнча):

- бейтап китепчесинен көчүрмө бөлүк (терапевттен маалым кат);

-   наркологиялык диспансердин маалым каты;

- психоневрологиялык диспансердин маалым каты;


Эскертүү: медициналык форма У-086 кереги жок.


7) үчтөн кем эмес сунуштама кат;

8) фото сүрөттөр 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана).


Эскертүү: Бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар резервине  кирип жаткан жарандардын саламаттыгына  карата талаптар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобосунда,  мыйзам менен аскер кызматы каралган (тынчтык жана согуш убагында) Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мамлекеттик органдарында каралган критерийлерге ылайык аныкталат.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадр бөлүнүшү жогоруда аталган документтерди, саламаттыгы тууралуу медициналык корутундунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана УКМКнын атайын текшерүүсүнүн жыйынтыктарынын негизинде талапкерлерди андан ары конкурска катышууга уруксат берүү тууралуу чечим чыгарышат.


Алдын ала тандоодон өтпөй калган талапкерлерге он төрт жумушчу күндүн ичинде андан ары конкурска катыша албастыгы тууралуу кабарландыруу жөнөтүлөт.


Документтерди толук тапшырган, аскердик-дарыгерлдер комиссиясынан өткөн, ошондой эле атайын текшерүүнүн натыйжасында бажы органына кызматка кирүүгө тоскоолдук кылган негиздери жок болгон талапкерлер дене тарбия боюнча ченемдерди тапшырышат.


Талапкердин физикалык даярдыгына жана абалына карата талаптар бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.


Кадарлар резервине киргизүү үчүн талапкерлердин конкурсу  эки этап менен өткөрүлөт:

- биринчи  этап – компьютердик технологияларды колдонуу менен тапшырмаларды аткаруу;

- экинчи этап – кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер менен маектешүү.


Конкурстук тандоого катышуу жөнүндө арыз жана тиешелүү документтер 2019-жылдын 8-октябрынан 21-октябрын кошкон мезгилде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек ш.,   Байтик баатыр көчөсү 4а, каб. 403.

Маалымат үчүн тел.: коммутатор 0312-510651 кошумча (142);

0312-548822  кошумча (142).


Байланыш жагы – МБКнын Кызматкерлер менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору   Ачакеева Мунара.

Документтерди кабыл алуу убактысы:   9.30дан   17.00гө чейин.

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР