Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн2291
mod_vvisit_counterКечээ2495
mod_vvisit_counterБул апта12303
mod_vvisit_counterӨткөн апта16201
mod_vvisit_counterБул айда48629
mod_vvisit_counterӨткөн айда76538
mod_vvisit_counterБаары3895071

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 32
Сиздин IP: 3.92.92.168
,
Убакыт: 2019-11-21 23:14

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
«Эркештам» өткөрмө пунктунда СТ-6035 инспекциялык-текшерип кароо комплекси расмий түрдө ишке киргизилди Print


2019-жылы 5-ноябрда Ош облаусундагы “Эркештам” өткөрмө пунктунда СТ-6035 инспекциялык-текшерип кароо комплекси расмий түрдө ишке киргизилди.


Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, КРӨ караштуу МБКнын төрагасы Алтынбек Торутаев, КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары Алимбаев Абдыкарим жана Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев катышышты.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн сөзүндө бажыдагы бардык жол-жоболордун ачыктыгы коррупциянын тобокелдиктерин реалдуу төмөндөтүүгө жардам беришин баса белгиледи.


Премьер-министрге жаңы орнотулган, бир жүк ташуучу унааны 199 секундада текшерген  инспектордук-текшерип кароо комплексинин иши тааныштырылды.


Ошондой эле, өкмөт башчы Кытай Эл Республикасы менен чектешкен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттарынын атамекендик экономикадагы гана эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн экономикасындагы ордунун маанилүүлүгүн белгиледи.


«Бажы кызматынын баркы  көбүнесе товарларды каттоонун тиешелүү тутумунун жана ачыктык механизминин жоктугуна байланыштуу коррупциялык тобокелдиктери жогору болгон орган катары калыптанып калган. Бүгүн биз борборлоштурулуп автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы коррупциянын тобокелчиликтерин четтетип, онлайн режиминдеги бардык процедуралардын ачыктыгын жана тунуктугун камсыз кыларын көрдүк. Бул өзгөчө бажылык тариздөө убагында  көп учурда укуктары корголбой калган ишкерлер үчүн маанилүү.  Модернизациялоо товарларды жалган декларациялоо, бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдөгү ылдамдыктын төмөндүгү, ошондой эле коррупциянын тобокелдиктерине байланыштуу маселелерди четтетүүнү шарттайт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Өкмөт башчысы Россия Федерациясынын жетекчилигине көзөмөл-өткөрүү пункттун модернизациялоодо жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бажы инфраструктурасы чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтын жогорку деңгээлде экенин  ырастап тураарын белгиледи.


Эскерте кетсек, мындай көзөмөл-өткөрмө пункттарын заманбап техникалар менен жабдуу Кыргыз Республикасынын интеграциялык биримдикке кошулуусунун «Жол картасында»  каралган.

 

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР