Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн690
mod_vvisit_counterКечээ2321
mod_vvisit_counterБул апта690
mod_vvisit_counterӨткөн апта17620
mod_vvisit_counterБул айда46174
mod_vvisit_counterӨткөн айда82904
mod_vvisit_counterБаары4047502

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 21
Сиздин IP: 34.204.200.74
,
Убакыт: 2020-01-19 09:01

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
МБК Кыргыз Республикасы үчүн берилген квоталардын чегинде даярдоонун (адистиктин) төмөнкү багыттары боюнча 2020-2021-окуу жылдарына Россия Федерациясынын Россия бажы академиясына (РБА) жана анын филиалдарына тапшырууга талапкерлер үчүн кабыл алуу жарыялайт Print

 

 

 

Даярдоонун багыттары

(адистик)

Квалификация

Окутуу мөөнөтү

Бажы иши

Адис

5 жыл

(окутуунун күндүзгү формасы)

Экономика

Бакалавр

4 жыл

(окутуунун күндүзгү формасы)

Юриспруденция

Бакалавр

4 жыл

(окутуунун күндүзгү формасы)

 

Окууга жиберүүнүн шарттары:

- орто адистик билим алуу, орто-адистик кесиптик билим алуу же жогорку кесиптик билим алуунун күндүзгү бөлүмнө жогорку кесиптик же орто кесиптик билими бар, арыз берген учурда 17 жашка толгон жалпы (толук) орто билими бар (Россия бажы академиясынын талаптарына ылайык)  талапкерлер жөнөтүлүшү мүмкүн.

Конкурска катышуу жөнүндө арызды жана зарыл документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2020-жылдын 20-январынан 13-мартына чейин.

Арыздар жана документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 4а  (№405 каб.)

Россия Бажы Академиясына тапшыруу үчүн

зарыл документтердин тизмеги

  1. Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын жетекчисинин атына даярдоо багыты (факультет) жана окуй турган жери (Люберцы, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону) көрсөтүлгөн  арыз.
  2. Паспорттун көчүрмөсү  (түп нускасы тандоо туруна келген учурда көрсөтүлөт). Жаңы ID-карддардын ээлерине жашаган жеринен маалым кат (катталган жери боюнча дареги).   Башка дарек боюнча жашаган учурда иш жүзүндө жашаган жери боюнча маалымат көрсөтүү зарыл.
  3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн).
  4. Өтүлгөн сабактардын жана алар боюнча алган бааларды (баллдарды) көрсөтүү менен билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү.

 

Эскертүү: Мектепте окугандар биринчи жарым жылдык үчүн баалары менен бүтүрүүчү класста окуп жаткандыгы тууралуу маалым кат берүүлөрү зарыл; бүтүрүүчү жылдын акыркы жарым жылдыгы боюнча бардык предметтердин баалары акыркы жарым жылдын жыйынтыгы боюнча берилет.

 

5. Документтердин көчүрмөлөрү (эл аралык жана улуттук (шаардык жана башка) конкурстардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн дипломдору, грамоталары ж.б) (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн).

6. Окуган же иштеген жеринен мүнөздөмө.

7. 2 даанадан кем эмес санда сунуштамалар (жашаган, окуган же иштеген жериндеги жооптуу жактардан).

8. Расмий орган тарабынан берилген СПИД оорусу же адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу (АИВ) жоктугу жөнүндө маалым кат.

9. Терапевттен ден – соолугунун абалы жана баардык алынган эмдөөлөрү жөнүндө белгилөөлөр менен ден-соолугу тууралуу эмканадан маалым кат.

10. Жашаган жери боюнча талапкер психо-неврологиялык, тери-венерилогиялы (кожвенерический) жана наркологиялык диспансерде каттоодо тубагандыгы жөнүндө маалым каттар.

11. Аскердик каттоого тургузуу жөнүндө белгилери менен аскердик билеттин көчүрмөсү (каттоо күбөлүгү).

12. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер бар болсо – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн).

13. Бурчу жок жылтырак эмес кагаздагы 3х4 көлөмүндө 6 сүрөт.

14. Өмүр баян

15. Резюме (резюме ата-энелер жөнүндө маалыматтарды камтыш керек: аты-жөнү, алардын иштеген жери, үй дареги жана байланыш телефондору – үй, кызматтык, мобилдик).

Россия бажы академиясына тапшыруу үчүн баардык талапкерлер Россия бажы академиясында окууга жарамдуулугу тууралуу аскердик-дарыгерлик комиссиядан өтөт, Россия бажы академиясы тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык дене тарбия боюнча зачет тапшырышат, жана ошондой эле тестирлөө жана аңгемелешүүдөн өтүшөт.


Байланыш адамы – Осмоналиева Азиза тел.: 51-08-90, 51-06-51 (ички 147)

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР