Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн241
mod_vvisit_counterКечээ2663
mod_vvisit_counterБул апта7817
mod_vvisit_counterӨткөн апта13900
mod_vvisit_counterБул айда31550
mod_vvisit_counterӨткөн айда63961
mod_vvisit_counterБаары2630192

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 16
Сиздин IP: 54.227.6.156
,
Убакыт: 2018-01-18 04:14

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Россия Федерациясынын Россия бажы академиясына жана анын филиалдарына тапшырууга талапкерлерди кабыл алууну 2018-жылдын 10-январынан 15-мартка чейин жүргүзүлөрүн эскертет Print

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасы үчүн берилген квоталардын чегинде даярдоонун (адистиктин) төмөнкү багыттары боюнча 2018-2019-окуу жылдарына Россия Федерациясынын Россия бажы академиясына жана анын филиалдарына тапшырууга талапкерлер үчүн кабыл алуу жарыялайт:

 

Даярдоонун багыттары

(адистик)

Квалификация

Окутуу мөөнөтү

Бажы иши

Адис

5 жыл

(окутуунун күндүзгү формасы)

Экономика

Бакалавр

4 жыл

(окутуунун күндүзгү формасы)

Юриспруденция

Бакалавр

4 жыл

(окутуунун күндүзгү формасы)

 

 

 

Окууга жиберүүнүн шарттары:

 

- күндүзгү бөлүмгө жогорку кесиптик же орто кесиптик билими, арыз берген учурда 17 жашка толгон жалпы (толук) орто билими бар (Россия бажы академиясынын талаптарына ылайык)  талапкерлер жөнөтүлүшү мүмкүн.

Конкурска катышуу жөнүндө арызды жана зарыл документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2018-жылдын 10-январынан 15-мартына чейин.


 

Арыздар жана документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 4а  (№406 каб.)

Россия Бажы Академиясына тапшыруу үчүн зарыл документтердин тизмеги

 

  1. Окутуунун формасын жана адистигин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын жетекчилигинин атына арыз.
  2. Каттоосу менен паспорттун көчүрмөсү.
  3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн)
  4. Өтүлгөн сабактардын жана алар боюнча алган бааларды (баллдарды) көрсөтүү менен билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү.

Мектепте окугандар биринчи жарым жылдык үчүн баалары менен бүтүрүүчү класста окуп жаткандыгы тууралуу маалым кат берүүлөрү зарыл.

  1. Документтердин көчүрмөлөрү (эл аралык жана улуттук (шаардык жана башка) конкурстардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн дипломдору, грамоталары ж.б) (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн).
  2. Окуган же иштеген жеринен мүнөздөмө.
  3. 2 даанадан кем эмес санда сунуштамалар (жашаган, окуган же иштеген жериндеги жооптуу жактардан).
  4. Расмий орган тарабынан берилген СПИД оорусу же адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу жоктугу жөнүндө маалым кат.
  5. Терапевттен ден – соолугунун абалы жана баардык алынган эмдөөлөрү жөнүндө белгилөөлөр менен ден-соолугу тууралуу эмканадан маалым кат, ошондой эле психо-неврологиялык, тери-венерилогиялы (кожвенерический) жана наркологиялык диспансерде каттоодо тубагандыгы жөнүндө маалым кат.
  6. Аскердик каттоого тургузуу жөнүндө белгилери менен аскердик билеттин көчүрмөсү (каттоо күбөлүгү).
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер бар болсо – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн).
  8. Бурчу жок жылтырак эмес кагаздагы 3х4 көлөмүндө 6 сүрөт.
  9. Өмүр баян
  10. Биометриялык маалыматтарды бергендиги жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү.
  11. Резюме (резюме ата-энелер жөнүндө маалыматтарды камтыш керек: аты-жөнү, алардын иштеген жери, үй дареги жана байланыш телефондору – үй, кызматтык, мобилдик).

 

Россия бажы академиясына тапшыруу үчүн баардык талапкерлер Россия бажы академиясында окууга жарамдуулугу тууралуу аскердик-дарыгерлик комиссиядан өтөт, Россия бажы академиясы тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык дене тарбия боюнча зачет тапшырышат, жана ошондой эле тестирлөө жана аңгемелешүүдөн өтүшөт.

 

Кошумча маалыма алуу үчүн: 51-08-90, 51-06-51 (ички 209) телефондор.

Россия бажы академиясына кабыл алуу эрежелери rta.customs.ru сайтында жайгаштырылганын кошумча маалымдап кетебиз.

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР