Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында кезектеги коллегиялык отурум болуп өттү Print

 

2018-жылдын 8-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында 2018-жылдын 1-кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу жана 2018-жылдын 2-кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр тууралуу кезектеги коллегиялык отурум болуп өттү.


Коллегиялык отрумда төмөнкү суроолор каралды:

 

 

1.«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясынын 30.01.2018-жылдагы токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө».


2. «2018-жылдын I кварталында бажы төлөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу жана 2018-жылдын  II кварталына жана 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына  карата бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр тууралуу».


3. «КР Эсеп палатасынын кызмат адамдары тарабынан 2016-жыл үчүн МБКнын ишине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктары, ошондой эле аудиттин жыйынтыгы боюнча КР Эсеп палатасынын Жазма буйруктарынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу».


 

Коллегиялык отрумда каралган суроолордун жыйынтыгында төмөнкү тапшырма берилди:


2018-жылга карата бажы төлөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча толук чаралар көрүлсүн.