Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Республика Өзбекстанда өндүрүлгөн эл керектөөчү товарларды кармашты Print

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ош шаарында Республика Өзбекстанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 1654 килограммды түзгөн эл керектөөчү товарлар кармалып алынган.

 

Кармалган товардын орточо базар баасы 804 250 сомду түзөт.


Кармалган материал Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.