Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн2684
mod_vvisit_counterКечээ2639
mod_vvisit_counterБул апта9946
mod_vvisit_counterӨткөн апта17830
mod_vvisit_counterБул айда65669
mod_vvisit_counterӨткөн айда67310
mod_vvisit_counterБаары3139298

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 51
Сиздин IP: 54.81.150.27
,
Убакыт: 2018-09-26 19:40

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Кыргыз Республикасына жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан автотранспорт каражаттарын алып кирүүдө бажы алымынын жана салыктын бирдиктүү ченин төмөндөтүү жөнүндө Print

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2018-жылдын 10-юлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында

бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158,
163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын

ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


 

Өтө эскирген автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына кыймылдаткычы электр, гибриддик автотранспорт каражаттарын ташып келүүсүнө өбөлгөлөрдү түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:


жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарын ташып өткөрүү жөнүндө убактылуу нускамада:


1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.


2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:


-  ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдарына белгиленген тартипте кабарласын;


-  бир айлык мөөнөттө калкка жана тышкы экономикалык иштин субъекттерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо иш-чараларын уюштурсун.


3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.


4.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                       М.Д.Абылгазиев

 

 

 

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык

бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар

тарабынан өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарын

ташып өткөрүү жөнүндө убактылуу нускаманын

1-тиркемеси

 

 

Чыгарылган учурдан тартып өткөн мезгил

Чыгарылган жыл

Жеке жактар тарабынан ички пайдалануу үчүн автомобилди чыгаруу менен байланышкан иштерден алынуучу

бажы жыйымдары

1 жыл

2018

Алты эсептик көрсөткүч

2 жыл

2017

3 жыл

2016

4 жыл

2015

Төрт эсептик көрсөткүч

5 жыл

2014

6 жыл

2013

7 жыл

2012

8 жыл

2011

9 жыл

2010

10 жыл

2009

11-12 жыл

13 жыл же андан ашык

2008-2007

2006 жана андан ашык

”.

 

 

 

 

 

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин

бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу

үчүн транспорт каражаттарын ташып өткөрүү жөнүндө

убактылуу нускаманын

2-тиркемеси

 

Чыгарыл-ган учурдан тартып өткөн мезгил

 

8703 10, 8703 21, 8703 22, 8703 23, 8703 31, 8703 32 товардык субпозиция-лардагы автотранспорттун

бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

8703 24, 8703 33

товардык субпозиция-лардагы автотранспорт

тун

бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

8703 40, 8703 50, 8703 60, 8703 60, 8703 70

товардык субпозиция-лардагы автотранспорт

тун

бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

8703 80 товардык субпозиция-лардагы автотранспорт

тун

бир кВт/саат үчүн АКШ долларында бажы алымдары

нын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

 

2018 – 2019-жылдар (***)

2018 – 2019-жылдар (***)

2018 – 2019-жылдар

2018 – 2019-жылдар

1 жыл

1,4

2,1

0,5

0

2 жыл

1,3

2,0

0,5

0

3 года

1,2

1,8

0,5

0

4 жыл

1,1

1,7

0,5

0

5 жыл

1

1,5

0,6

0

6 жыл

0,9

1,4

0,6

0

7 жыл

0,8

1,2

0,6

0

8 жыл

0,7

1,1

0,6

0

9 жыл

0,6

0,9

0,6

0

10 жыл

0,5

0,8

1

0

11 -12 жыл

0,4

0,6

4

0

13 жыл жана андан ашык

6

6

6

0

 

 

2.2-таблица

Чыгарылган учурдан тартып

өткөн мезгил

 

Чыккан өлкөсүнө карабастан автотранспорттун бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы (**)

3 жылдан ашык эмес

0,25

4-7 жыл

0,3

7 жылдан ашык

0,5

 

Эскертүү:

1. Ушул тиркемеде автотранспорт каражаттарына бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкалары көрсөтүлгөн:

(*) - ЕАЭБ ТЭШ ТН 8702 товардык позициясында классификациялануучу, айдоочуну кошкондо 12ден ашпаган адамды ташуу үчүн мотордук транспорт каражаттары; 8703 товардык позициясында, ошондой эле 8704 товардык позициясында да классификациялануучу, “PickUp” тибиндеги  автотранспорт каражаттары;

(**) - айдоочуну кошкондо 12ден ашпаган адамды ташуу үчүн мотордук транспорт каражаттарынан тышкары, 8702 товардык позициясында классификациялануучу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн автотранспорт каражаттары; PickUp” тибиндеги  автотранспорт каражаттарынан тышкары, 8704 21, 8704 31 товардык субпозициясында классификациялануучу, жүк ташуучу транспорт каражаттары;

(***) - бул графаларда белгиленген бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкалары Япониядан ташып келинген, дезактивациядан өткөн, радиациялык фону жогору болгон автотранспорт каражаттарына карата радиациялык фондун жогорулабашы жөнүндө кайталап радиациялык текшерүү актысы болгондо колдонулат. Бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөө бул графага ылайык эсептелген бирдиктүү ставка боюнча ишке ашырылат. Мында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын аныктоо максатында чыгарылган учурдан тартып өткөн жылдардын саны мындай автотранспорт каражаттары ташып келинген датага карата эсептелет. Радиациялык фону жогору болгон автотранспорт каражатын ташып келүү датасын ырастоочу документ болуп темир жол коштомо кагазы эсептелет.

Мисалы: эгерде темир жол коштомо кагазында автотранспорт каражатынын ташып келинген датасы 01.01.2013-жыл экендиги көрсөтүлсө, ошондой эле мындай автотранспорт каражатынын чыгарылган жылы
2003-жыл болсо, анда бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөөнү эсептөө максатында чыгарылган учурдан тартып 11 жыл өттү деп саналат жана ставка 1 куб.см үчүн 0,4 долларды түзөт.

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР