Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner

Jumi

Jumi is working but there is nothing to be shown.
Write the code and/or specify the nonempty source of the code.


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн663
mod_vvisit_counterКечээ1788
mod_vvisit_counterБул апта2451
mod_vvisit_counterӨткөн апта14389
mod_vvisit_counterБул айда38022
mod_vvisit_counterӨткөн айда58112
mod_vvisit_counterБаары3674462

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 37
Сиздин IP: 18.232.171.18
,
Убакыт: 2019-08-19 08:39

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Banner
Banner
Banner
Banner
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында Мамлекетик бажы кызматынын алдындагы Коомдук кеңештин 8-отруму болуп өттү Print

2017-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында Мамлекетик бажы кызматынын алдындагы Коомдук кеңештин (МБКнын ККсы)  8-отруму болуп өттү.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

 

 

  1. 2017-2018- жылдарга МБКнын алдындагы  Коомдук кеңештин жылдык иш планына корректировка киргизүү боюнча сунуш.
  2. ЕАЭБке кирүүдө бажы органдарынын ишинде тийешелүү укуктук ченем актыларды ишке ашыруу.
  3. ЕАЭБке кошулуга байланыштуу жаңы талаптардын алкагында Мамлекетик бажы кызматынын кызматкерлерин кайра окутуу жолу.
  4. Кыргызстандын түштүгүндө контрабанда менен күрөшүү чаралары.
  5. МБКда жемкорлук алдын алуу жана  болтурбоо.

Өткөрүлгөн отурумдун жыйынтыгында, күн тартибиндеги маселелер боюнча талкуунун жүрүшүндө бир добуштан төмөнкү чечим кабыл алынды:


Биринчи маселе боюнча:  А.А.Чукин 2017-2018- жылдарга МБКнын алдындагы  Коомдук кеңештин жылдык иш планына корректировка киргизүүнү талкулоо боюнча, түзүлгөн документтерден кийин расмий түрдө МБКга берүүнү сунуш кылды. МБКнын алдындагы  Коомдук кеңештин мүчөлөрү сунушту колдошту.


Экинчи маселе боюнча: МБКнын Укуктук башкармалыктын начальниги М.Бейшеев - Кыргыз Республикасынын “Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелиндеги кол коюулган Евразиялык экономикалык союздун Бажы кодекси жөнундө Келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзам долбоорунун жүрүшү тууралуу түшүндүрмө берди. Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын “Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелиндеги кол коюулган Евразиялык экономикалык союздун Бажы кодекси жөнундө Келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турат (2017-жылдын 17-октябрындагы каттоо номери 6-20078/17).


Евразиялык экономикалык союздун Бажы кодекси жөнундө Келишимдин күчүнө кирүүсүнө зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында биринчи окууда кароонун жыйынтыгында кабыл алынган.


Ошондой эле, 2017-жылдын 11-октябрында Сочи шаарында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан арызга кол коюлган, мында ЕАЭБтин Бажы кодекси жөнүндө Келишим 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду мөөнөтүндө аткарып бүтүрүү жөнүндө каралган.


Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо 2017-жылдын 20-декабрына белгиленген.


Г.Т.Ускенбаева МБК бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн эртерээк талкуулоо чакыруусун суранды себеби бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө да документтерди түшүнүгө убакыт талап кылынаарын айтты.


М.Бейшеев документтер МБКнын расмий сайтына жайгаштырылганын жана ушул жылдын июль айында жөнөтүлгөнүн көрсөтү. Бизнестин өкүлдөрү сунуштарды кабыл алуу алдында эки күн кана катышышты. М.Бейшеев Г.Т.Ускенбаеванын сунушун кабыл алды. А.А.Чукин брокерлер үчүн камсыздандыруу уюмдарын талап кылуу жөнүндө жана МБКга шилтеме кылуу менен келишимди кайра тузүү жөнүндө (бирок бул талаптарда жок) жана ушундай учурларда кимге кайрылуу керек деген маселе менен кайрылды. М.Бейшеев МБКнын колдоосуна тайанса болот деп жооп берди.


Үчүнчү маселе боюнча: Адистештирилген бажынын начальниги Э.Р.Мамбетжунушева - окуу курстары квартал сайын окуу борбордо окутулууда. 26-ноябрда ЕЭК менен 4 күндүк окуу өткөрүлдү буга МБКнын 27 кызматкери катышты, алардын ичинде регионалдык бажынын кызматкерлери да бар. 4-декабрда буйрук чыккан алынган материалдардын негизинде жер жерлерде окутуу жүргүзүү тууралу. 30-декабрга чейин жер жерлерде тест жүргүзүлөт жана борбордук аппаратка билдирилет. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында толук масштапта Бүткүл дүйнолүк банктын жана GIZтин катышуусунда окутуу өткөрүлөт. А.Б.Биялиев Коомдук кеңештин мүчөлөрү экзамендик комиссияга катышууга кызыктар экенин билдирди. МБКнын мүчөлөрү макулдугун билдиришти.


Төртүнчү маселе боюнча: Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги М.К.Мурзалымбеков – Түштүк региондо контрабанда менен күрөшүү боюнча статистиканы айты. Тобокелдиктин арасында: жалган декларациялоо жана демаркациялык маселелерин болүп көрсөттү. А.Б.Биялиевдин иш чаралар жөнүндө суроосуна контрабанда менен күрөшүү иштери ыкчам-издөө ишмердиги боюнча окутуу жана Борбордон иш сапарларга жөнөтүү менен жүргүзүлөт деп жооп берди.


Бешинчи маселе боюнча: Ички коопсуздук жана коррупцичга каршы аракетенүү башкармалыгынын ага инспектору  Ы.Усенбаев коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик стратегияны аткаруу боюнча Пландв жана коррупцияга каршы планды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди. 32 пунктун биринчи 26 пункту толук көлөмдө аткарылган. Ошондой эле, МБКда күнү-түнү ишеним телефону (+996 777 777 160 ) иштеп жатканын айты. Мындан сырткары бажы кызматкерлерине  берилген сөгүштөр, эскертүүлөр жана кызматтык маалыматтар ж.б. боюнча статистиканы мисал келтирди. Бирок коррупциялык фактылар табылган эмес. А.Б.Биялиев Ы.Усенбаевден МБКга карата тобокелдиктер боюнча Коопсуздук Кеңешинде иштер жүрүп жатабы деп тактоо ирээтинде сурады. Ы.Усенбаев ооба деп жооп берди.


Кийинки Мамлекетик бажы кызматынын алдындагы Коомдук кеңештин (МБКнын ККсы) отурумун келерки айда өткөрүүнү чечишти.

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР