Кантип туура төлөө керек?
Print

 

Бажы төлөмдөрү накталай түрдө жана которуу жолу менен төлөнөт.

            Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган бажы төлөмдөрүн товарлар жана транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда өндүрүү Кыргыз Республикасынын бажы кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

            Шилтеме: (Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси 2004-жылдын 12-июлу №87, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускама, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961-токтому менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускама).