Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Banner
Banner


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterБүгүн1292
mod_vvisit_counterКечээ1390
mod_vvisit_counterБул апта2682
mod_vvisit_counterӨткөн апта10816
mod_vvisit_counterБул айда43387
mod_vvisit_counterӨткөн айда77226
mod_vvisit_counterБаары3192372

Online (акыркы 20 мин.ичинде): 25
Сиздин IP: 54.166.130.157
,
Убакыт: 2018-10-22 20:51

Сайттка кирүү



Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Banner

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Banner
Banner
Banner
Banner
Banner
Мамлекеттик бажы кызматы
2018-жылдын январь айына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча маалымат PDF Print E-mail
Wednesday, 07 February 2018 12:14

(01.02.2018-жылдын абалы боюнча)


2018-жылдын январь айына карата божомол 1 млрд. 964,0млн. сом өлчөмүндө белгиленген, алардын ичинен:

-алымсыз бажы төлөмдөрү - 967,3 млн.сом;

-ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алымдар- 996,7 млн.сом.


Алдын ала маалыматтар боюнча (2018-жылдын 1-февралындагы абал боюнча) январь айына карата бажы кызматы бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 2 млрд. 871,3 млн. сом суммада камсыз кылды, бул божомолдук көрсөткүчкө карата 146,2% түздү же 907,3 млн. сомго көп чогултулду, алардын ичинен:

-алымсыз бажы төлөмдөрү - 1 млрд. 838,1 млн. сом, бул божомолдук көрсөткүчкө карата 190,0% түздү же 870,8 млн. сомго көп чогултулду;

- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алымдар - 1 млрд. 33,2 млн. сом, бул божомолдук көрсөткүчкө карата 103,7% түздү же 36,5 млн.сомго көп түшүү болду.

 

 

 
Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы Арзибаев Улан Абдандиловичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат PDF Print E-mail
Monday, 05 February 2018 17:50

 

Бажы кызматынын өздүк курамы, “Ош” бажысынын кызматкери, бажы кызматынын лейтенанты Арзибаев Улан Абдандиловичтин жол кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу топурагы торколуу болсун!

Толугу...
 
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Мусаев Жамалдин Алимович жеңил атлетика боюнча Эл аралык турнирде бириничи орунду камсыз кылды PDF Print E-mail
Monday, 05 February 2018 13:30

 

2018-жылдын 20- 22-январына чейин Усть-Каменогорск шаарында Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгеси үчүн жеңил атлетика боюнча Эл аралык турнир болуп өттү.


Бул турнирге Кыргызстандын, Армениянын, Азербайджандын, Өзбекстандын, Таджикистандын жана Казакстандын өкүлдөрү катышышты.


Аталган турнирде жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамында Бажы кызматынын кызматкери Мусаев Жамалдин Алимович 60 метрге чуркоодо биринчи орунду жеңди.

Толугу...
 
Бажы өкүлдөрү жана бажы операциялары боюнча адистердин маалыматына PDF Print E-mail
Written by Admin   
Thursday, 01 February 2018 17:26

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ЕАЭБ Бажы кодекси күчүнө киришине байланыштуу, 2016-жылдын 12-февралындагы МБКнын №5-06/56 буйругу менен бекитилген Бажы операциялары боюнча адистин күбөлүгүн алууга квалификациялык экзамен өткөрүүнүн регламентинин 64-пунктуна ылайык үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында бажы операциялары боюнча адистердин билимин кайра аттестациялоо өткөрүү пландаштырылууда.


2018-жылдын 14-14-февралда саат 10.00до күбөлүктөрүнүн колдонуу мөөнөтү 2018-жылдын февыраль айында аяктаган адистер үчүн кайра аттестациялоо өткөрүлөт, калган адистер үчүн экзамен март айында өткөрүлөт, графиги кийин  берилген арыздарга ылайык жарыяланат.


Бажы операциялары боюнча иштеп жаткан бардык адистерге кайра аттестациялоого катышуу жөнүндө арыз берүү керек, мурда берилген документтер зарыл болсо жаңыртуу керек (паспортту алмаштырса ж.б.).


Кайра аттестациялоо Адистештирилген бажынын базасында өткөрүлөт (Ленинское а., Коммунарская көч., 91а), бардык суроолор боюнча 0558 433522 телефону боюнча кайрылсаңыздар болот.

 

Last Updated on Friday, 02 February 2018 11:07
Толугу...
 
Борбордук бажынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин аймагына автотранспорт каражатын мыйзамсыз ташып кирүү фактысы табылган PDF Print E-mail
Thursday, 01 February 2018 11:06

 

Борбордук бажынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Литва Республикасынан алынып келинген “Даф” үлгүсүндөгү автотранспот каражаты  Россия Федерациясында каттоодон өткөндүгү тууралуу жасалма документи колдонуу менен бажылык тазалоодон өтпөстөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номерин алып каттоодон өткөндүгү аныкталган.


Чогултулган материалдын негизинде, 2018-жылдын 23-январында Бишкек шаардык ЭККМК тарабынан КРдин КЖКнын 304-беренесинин 2-бөлүмү; 315-берененин 2-бөлүмү; 350-берененин 1,3,4,5-бөлүгү жана 204-берене боюнча кылмыш иши козголгон.


Алдын ала келтирилген зыян 1 029 790 сомду түзөт.

Толугу...
 
Борбордук бажысынын кызматкерлери “К.Л”ААК тарабынан товар импорттоодо ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталган PDF Print E-mail
Wednesday, 31 January 2018 13:52

 

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын укук корогоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн камералдык текшерүүнүн жыйынтыгында “К.Л” ААК тарабынан Түркия мамлекетинен алынып келинген товарлар (лифтер) жөнүндө маалыматты  жалган декларациялаган факты аныкталган.


Алынып келинген “жүргүнчүлөр үчүн лифтер” бажылык тариздөөдөн товардын кодун алмаштыруу менен өткөн, бул код менен 0% өлчөмүндө бажы алымы каралган. Кошумча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, импортоочудан товардын күбөлөндүрүлгөн техникалык паспорторунун көчүрмөсү талап кылынган, алынган документтер боюнча лифтердин типтери, моделдери жана жасалгасы такталган, жыйынтыгында бул лифтерге 5% бажы алымы каралгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча жалпы төлөнбөй калган бажы алымы – 254 764 сомду түзөт.


Бул аныкталган факт боюнча 2018-жылдын 19-январында Бишкек шаардык ЭККМК тарабынан КРдин КЖКнын 210-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

Толугу...
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында кезектеги коллегиялык отурум болуп өттү PDF Print E-mail
Tuesday, 30 January 2018 18:56

 

2018-жылдын 30-январь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында 2017-жылдын 4-кварталында жана жалпы 2017-жылдын ичинде бажы төлөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу жана 2018-жылдын 1-кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр тууралуу кезектеги коллегиялык отурум болуп өттү.

Толугу...
 
“Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциялары жана аккумуляторлор кармалды PDF Print E-mail
Monday, 29 January 2018 15:28

 

2018-жылдын 24-январь күнү болжол менен 14:30 чамасында, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен-Ош жолунда   Кыргыз Республикасынын жараны С.А.А. башкарган КРдин мамлекеттик номер белгиси менен “Мерседес – Бенц1117” автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген.


Жогоруда аталган автотранспорттук каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына бажыга тийиштүү документтери жок Таджикистан Республикасынан ташып келе жаткан 17 000 даана  “KENT”, “PARLAMENT”, “KENT-ичке”, “LD”, “CAMEL”, “Rothmans” маркасындагы тамеки продукциялары табылган, бул тамеки продукциясынын жалпы суммасы 885 000  сомду түзгөт, мындан сырткары жалпы сумасы 220 000 сомду түзгөн мурда колдонулган 400 штук (4800 кг) “аккумуляторлор” табылган. Жалпы кармалган товардын суммасы 1 105 000 сомду түзөт.


Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Толугу...
 
“Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 6 тонна күрүч кармалды PDF Print E-mail
Friday, 26 January 2018 15:51

 

2018-жылдын 23-январь күнү болжол менен 22:00 чамасында, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областына караштуу Ноокат шаарында  Кыргыз Республикасынын жараны Ж.С.Э. башкарган КРдин мамлекеттик номер белгиси менен ак түздөгү “Вольво” автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген.


Жогоруда аталган автотранспорттук каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына ташып келе жаткан жалпы суммасы 360 000  сомду түзгөн  6000 кг көлөмүндө Республика Өзбекстан деген жазуу мешокторго салынган күрүч табылган.


Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Толугу...
 
Борбордук бажынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин аймагына автотранспорт каражатын мыйзамсыз ташып кирүү фактысы табылган PDF Print E-mail
Friday, 26 January 2018 10:57

Буга чейин 18.10.2017-жылы, ЕАЭБдин аймагына болжолдонгон автотранспорт каражатын мыйзамсыз ташып кирүү фактысы боюнча Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын Борбордук бажы башкармалыгынын Белгород бажысынан кат келип түшкөн.


Бул факты боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, Борбордук бажынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2003-жылы чыккан «Toyota Camry» маркасындагы автотранспорт каражаты бажылык тариздөөдөн өткөн эмес жана Россия Федерациясынын Бажысында каттоодон өткөндүгү жөнүндө жасалма документти колдонуу менен КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин каттоосуна коюлган.


Чогултулган материалдардын негизинде, 2018-жылдын 15-январында Чүй областынын прокуратурасы тарабынан бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 304-б. 2-б.; 315-б. 2-б.; 204-б. 3-б. 4-п; 350-б. 1,2,3,5-б. боюнча жазык иши козголгон.


Алдын ала зыян келтирүү 751 697 сомду түзөт.

Толугу...
 
Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы ардактуу эс алуудагы бажы кызматынын полковниги Боотаев Туркмен Еркинбаевичке трең кайгыруу менен көңүл айтат PDF Print E-mail
Friday, 26 January 2018 10:42

Ардактуу эс алуудагы бажы кызматынын полковниги Боотаев Туркмен Еркинбаевичтин жакын тууганы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Каликов Аманжол Каликовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы терең кайгыруу менен көңүл айтат, жаткан жери жайлуу топурагы торколуу болсун!


 

Толугу...
 
«Түндүк» темир жол бажысында «Түндүк»ТЖБга караштуу Консультативдик кеңешинин кезектеги отуруму өттү PDF Print E-mail
Thursday, 25 January 2018 13:37

2018-жылдын 23-январында «Түндүк» темир жол бажысында «Түндүк» ТЖБга караштуу Консультативдик кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Отурумдун ишинде бажынын бөлүнүштөрүнүн, бажылык тариздөө жайларынын  жетекчилери жана импорттоочуларды да, экспорттоочуларды да, ошондой эле бажыга байланыштуу чөйрөсүндө алектенген жактардын өкүлдөрү катары чыккан бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышышты.


Консультативдик кеңештин отуруму «Түндүк»ТЖБнын начальниги Н.Ы.Айбашев, «Түндүк»ТЖБнын начальнигинин орун басары И.К.Абиков, «Түндүк»ТЖБга караштуу Консультативдик кеңешинин теңтөрагасы Е.Е.Вершнер тарабынан өткөрүлдү.


«Түндүк»ТЖБнын кызматкерлери тарабынан бажы төлөмдөрүн чогултуу бөлүгүндө, бажы контролунун бөлүгүндө 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча бажынын ишмердиги, коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча баяндамалар жасалды.


Мурда болуп өткөн Консультативдик кеңештердин отурумдарында берилген тапшырмаларды аткаруу боюнча отчет берилди. Тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына мурда болуп өткөн Конусультативдик кеңештин отурумдарында көтөрүлгөн суроолоруна жооптор берилди.


Белигилей кетчү нерсе, мурда болуп өткөн Консультативдик кеңештердин бардык тапшырмалары бажы тарабынан аткарылды, бул тууралуу тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары өздөрү билдиришип, бажы кызматкерлерине жүргүзүлгөн иштер үчүн алкыш айтышты.


Отурумдун жүрүшүндө бүгүнкү күндө бизнес-коомдоштугу үчүн актуалдуу суроолор  боюнча суроо-жооп форматында диалог болду, отурумдун катышуучуларынын сунуштары жана каалоолору каралды.


Отурумдун аягында бизнес-коомдоштугунун жана бажы органынын өкүлдөрү тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын жана жалпы Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо боюнча жемиштүү кызматташууга жана тыгыз иштешүүгө үмүтүн билдиришти.

Толугу...
 
Борбордук бажынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин аймагына автотранспорт каражатын мыйзамсыз ташып кирүү фактысы табылган PDF Print E-mail
Tuesday, 23 January 2018 15:20

 

Буга чейин 18.10.2017-жылы, ЕАЭБдин аймагына болжолдонгон автотранспорт каражатын мыйзамсыз ташып кирүү фактысы боюнча Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын Борбордук бажы башкармалыгынын Белгород бажысынан кат келип түшкөн.


Бул факты боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, Борбордук бажынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2002-жылы чыккан «Toyota Camry» маркасындагы автотранспорт каражаты бажылык тариздөөдөн өткөн эмес жана Россия Федерациясынын Бажысында каттоодон өткөндүгү жөнүндө жасалма документти колдонуу менен КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин каттоосуна коюлган.


Чогултулган материалдардын негизинде, 2018-жылдын 12-январында Чүй областынын прокуратурасы тарабынан бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 304-б. 2-б.; 315-б. 2-б.; 204-б. 3-б. 4-п; 350-б. 1,2,3,5-б. боюнча жазык иши козголгон.


Алдын ала зыян келтирүү 751 697 сомду түзөт.

Толугу...
 
«Түндүк» Темир жол бажысынын кызматкерлери «К.Т.» ЖЧКсы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын табышкан PDF Print E-mail
Tuesday, 23 January 2018 09:37

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине ылайык КНСти төлөөдөн бошотуу менен негизги каражат катары таризделген товарлардын импортун жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин негизги каражаттарды максаттуу колдонуусун текшерүү максатында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларын жыйынтыгында, «Түндүк» Темир жол бажысынын кызматкерлери КРӨгө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдө - 77 165 930 сом суммада бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын табышкан. Бул факты боюнча чогултулган материалдар КР Башкы прокуратурасына берилди.

Толугу...
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт PDF Print E-mail
Monday, 22 January 2018 16:51

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажылык тариздөө папкаларында (БТП) камтылган, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө “бирдиктүү терезе” борбору” Мамлекеттик ишканасынын маалыматтык системасы тарабынан берилген электрондук формада уруксат берүүчү жана башка документтерди (тастыктамаларды, корутундуларды, күбөлүктөрдү, лицензияларды ж.б.) кабыл алууга даяр деп маалымдайт.


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө “бирдиктүү терезе” борбору” Мамлекеттик ишканасынын маалыматтык системасы тарабынан берилген уруксат берүүчү жана чектөөлөрдү сактоосун тастыктаган башка документтер тууралуу маалыматтарды берүүдө кагаз түрүндө тастыктоону кайталоо милдеттү эмес.

Толугу...
 
Тажикистан Республикасынан мыйзамсыз ташылып келинген жүк “Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан кармалды PDF Print E-mail
Thursday, 18 January 2018 11:56

 

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча пландык иш чараларды жүргүзүүдө “Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи районунда Кыргыз Республикасынын жараны А.О.М. башкарган КРдин мамлекеттик номер белгиси менен «ДАФ ХF 95/430» үлгүсүндөгү автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген.


Жогоруда аталган автотранспорттук каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына Тажикистан Республикасынан ташып келинген жалпы суммасы 283500  сомду түзгөн  9450 кг көлөмүндө мурда колдонулган жылытуу системасынын радиаторлору  табылган.


Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Толугу...
 
<< Start < Prev 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Next > End >>

Page 10 of 73
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР