Бажы операциялары боюнча бажы өкүлдөрүнүн жана адистеринин эсине! Print
Tuesday, 27 February 2018 11:21


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы МБКнын 2016-жылдын 12-февралынын №5-06/56 буйругу менен бекитилген, бажы операциялары боюнча адис күбөлүгүн алууга квалификациялык сынак өткөрүү регламентинин 64-пунктунун талаптарына ылайык, ушул жылдын март айынын ичинде бажы операциялары боюнча иштеп жаткан адистерден ЕАЭБдин Бажы Кодекси боюнча билимин тастыктаган квалификациялык сынакты (кайрадан аттестациялоо) кабыл алуу өткөрүүлөрүн маалымдайт.


Квалификациялык экзамен берүүгө жол берүү тууралуу арыздар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Аламүдүн району, Ленинское айылы, Коммунарская көчөсү 91а (мурдагы Кесипкөй жана кинологиялык даярдоо борбору) же This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it электрондук дареги боюнча, төмөндө квалификациялык экзаменди кабыл алуу графиги келтирилген.

 

 

Бажы операциялары боюнча иштеп жаткан адистерден квалификациялык сынакты кабыл алуу графиги:


Агымдын №

кайрадан аттестациялоону өткөрүү датасы

Өткөрүү жери

Эскертүү

2-агым

2018-жыл 5-6- март, башталышы саат 10:00

Адистештирилген бажысы, Ленинское айылы, Коммунарская көчөсү 91а (мурдагы Кесипкөй жана кинологиялык даярдоо борбору)

В.И.Астафьевадан даярдыктан өткөн адистер, өз алдынча даярдануу базасындагы адистер

 

3-агым

2018-жыл 19-20- март, башталышы саат 10:00

Адистештирилген бажысы, Ленинское айылы, Коммунарская көчөсү 91а (мурдагы Кесипкөй жана кинологиялык даярдоо борбору)

Өз алдынча даярдануу базасындагы адистер

 

 

Кайра аттестациялоодон өтпөй калган бажы операциялары боюнча иштеп жаткан адистердин логини жана паролу 2018-жылдын 31-мартынан кийин өчүрүлөт.

Бардык пайда болгон суроолор боюнча Адистештирилген бажысына төмөнкү телефондор боюнча кайрылууга болот: 0312 446482, 937790 (Джееналиева Асель).