Контрабандалык жол менен ташылып келген «Colgate Макс фреш» соода маркасындагы тиш жуучу пасталар КРӨ караштуу МБКнын кызматкерлери тарабынан кармалды Print
Wednesday, 17 October 2018 15:49

КРӨ караштуу МБКнын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБнын бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүдө, Ош ш.  Жапалак айылында КР жараны  М.Г.С. башкаруусунда «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаа каражаты токтотулган.


Аталган автоунаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерүүдө товар - «Colgate Макс фреш» соода маркасынын тиш жуучу пастасы  6 960 даана көлөмүндө табылган. Болжолдуу баасы 800 400 сомду түздү.


Бул факт боюнча чогултулган материалдар кароо жана негизи боюнча чечимди кабыл алуу үчүн Ош областынын  прокуратурасына жөнөтүлгөн.