Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери «П» ААК тарабынан ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталган |
![]() |
Friday, 18 January 2019 12:49 |
ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «П» ААК тарабынан товардын наркын төмөндөтүү жолу менен ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аныктады.
Бул факт боюнча төлөнбөй калган бажы алымынын жалпы суммасы 1 858 761,91 сомду түзөт.
Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын генералдык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
|