Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана Контейнердик ташууларды контролдоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун программасы менен КРӨгө караштуу МБКга компьютердик жабдуулар жана түндө көрүүчү приборду кошо эсептегенде, бажы контролунун атайын каражаттары өткөрүп берилди Print
Monday, 11 March 2019 16:08

 

 



2019-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында “Бириккен улуттар уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана Контейнерлердик ташууларды контролдоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун глобалдык программасы” алкагында жолугушуу өткөрүлгөн.


Жолугушууга КРӨгө караштуу МБКнын төрагасынын орун басары А.Торутаев, Бириккен улуттар уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эл аралык консультанты Ян Мунро жана Бириккен улуттар уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын региондук координатору Батыр Гельдиев катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө контейнердик ташууларды контролдоо боюнча Программанын алкагында мындан ары кызматташуу боюнча пландардын жана жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселелер талкууланган, ошондой эле компьютердик жабдууларды жана атайын каражаттарды өткөрүп берүү салтанаты жүргүзүлгөн.


Компьютердик жабдуулар жана атайын каражаттар Контейнерлердик ташууларды контролдоо боюнча программанын көмөгү менен КРӨгө караштуу МБКнын Борбордук аппаратынын жана Ош шаарындагы Түштүк-Батыш бажысынын базасында түзүлгөн Порттук контролдун ишин жүзөгө ашыруу үчүн арналган.


Порттук контрол топтору баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү жана мыйзамсыз ишмердиктин башка түрлөрүн аныктоо предметине жогорку тобокелдиктеги жүктөрдү/ контейнерлерди профилдөө жана үзгүлтүксүз талдоо максатында түзүлгөн, ошол эле учурда мыйзамдуу сооданы ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.


Контейнердик ташууларды контролдоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун жана Бириккен улуттар уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасынын негизги багыттары төмөнкүлөр:


-          Жогорку тобокелдик тобундагы жүктөрдү аныктоодо, тандоодо жана текшерип

кароодо алган кесипкөй жана техникалык көндүмдөрдү ырааттуу колдонуучу контейнерлерди ташууну контролдоо тобун түзүү жана андан аркы иши;

-          Улуттук, региондук жана /же  эл аралык деңгээлде туруктуу негизде

колдонулуучу контейнерлерди ташуу чөйрөсүндө кылмыштуулук боюнча маалыматтарды чогултуу, алмашуу жана талдоо үчүн жаңы инструменттерди жана механизмдерди киргизүү.