ЕАЭБтин бажы аймагына “REGAPEN” маркасындагы дары дармаектерди мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print
Friday, 26 April 2019 15:38

 

 

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын Контрабандага жана Бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, 2019-жылдын 23-апрель күнү болжол менен саат 06:00 чамасында, Ош аэропортунда ЕАЭБтин  аймагына алыскы чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөргө мониторинг жүргүзүүдө, мыйзамсыз товар ташып келүүгө шектелип Кыргыз Республикасынын жараны А.Д.Бны кармашкан.


А.Д.Бнын сумкасын текшерген учурда таңгакталбаган 2200 даана (30 800 капсула) 300 мг. “REGAPEN” маркасындагы  дары дармек табылган.


Бул дарылар Кыргыз Республикасына чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген. Кармалган товардын жалпы наркы 1 000 000 сомдон жогору.


Кармаган учурда А.Д.Б бажыга тийиштүү документтерди жана ЕАЭБтин бажы аймагына алып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.


Бул факты 2019-жылдын 23-апрел күнү Маалыматтарды каттоо журналына жана ЕРППга катталып, материалдарды тергөөгө караштуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү үчүн  Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.


2019-жылдын 23-апрель күнү Ош областык ЭККМКБ Тергөө башкармалыгы тарабынан бул факт КРдин КЖКнын 223-беренесинин 1 бөлүмү боюнча (экономикалык контрабанда) кылмыш квалификацияланып ЕРППга катталды.