2019-жылдын I кварталына карата Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын ишмердиги тууралуу маалымат Print
Tuesday, 30 April 2019 16:42

 

 

 

2019-жылдын  I кварталынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери 341 бажылык укук бузуу фактысын аныкташкан, алардын ичинен:

 

1. Бузуулардын бирдиктүү реестрине – 256 факты катталган, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 фактыга көп.


Бузуулар тууралуу иштер боюнча бажы төлөмдөрү 24,8  млн. сом суммасын түздү.


Өндүрүлгөн айып санкциялары 2,2 млн. сом суммасын түздү.

 

2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – 85 факты катталган, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 фактыга көп.

 

Ушуну менен бирге, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу 25,9 млн. сомду түздү, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,1 млн. сомго көп.

 

Жалпысынан, 2019-жылдын  I кварталынын жыйынтыгы боюнча Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын ишмердигинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке кошумча түшүрүлгөн сумма 53 млн. сомду түздү, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,8 млн. сомго көп.