ЕАЭБтин бажы аймагына тамеки продукцияларын мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print
Wednesday, 08 May 2019 14:49

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери 2019-жылдын 5-май күнү Батекн областында Кыргыз Республикасынын жараны Э.Анын башкаруусундагы “Nissan X-trail” автоунаасын токтотуп текшеришкен.


Жогорудагы автоунаанын салонун караган учурда бажыга тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок төмөнкү тамеки продукциялары табылган:


- “Milano Paris” 3000 штук;

- “Milano New York” 162 000 штук;

- “Milano London” 87 000 штук.


Бул товар КРге чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан, кармалган товардын жалпы наркы 630 000 сомду түзөт.

Бул факты 2019-жылдын 5-май күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.