Мамлекеттик бажы кызматынын «Tazabek.kg», «24.kg» сайттарында жана башка интернет басылмаларда жарыяланган Жогорку Кеңештин депутатынын маалыматы боюнча түшүндүрмөсү Print
Thursday, 16 May 2019 13:25

 

 

 

 

“Депутат: Депутат контролдон өтүп жаткандардын кол сааты оригинал же оригинал эместигин “көз болжол” менен аныктаган “Манас” аэропортундагы бажы кызматкерлерине көңүл бурууну өтүндү”.


ММКда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча Жогорку Кеңештин отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ““Манас” аэропортундагы биздин бажы кызматкерлери абдан кесипкөй, адамдар бажы, чек ара постунан өтүп жатканда, аларды токтотуп “көз болжол” менен кол сааттары оригинал же оригинал эместигин аныктоого үйрөнүшкөн” деп билдирген.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык “Ушул Мыйзамдын 4-статьясына ылайык мамлекеттик монополия жайылтылгандан башка учурларда, ар кандай түрдө баалуу металлдарды жана асыл таштарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана аймагынан алып кетүү бажылык контролдоо пункттарында милдеттүү түрдө декларациялоо менен Евразия экономикалык комиссиянын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт.”.


Кыргыз Республикасынын “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык баалуу металлдарга ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий) кирет.


Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 258-беренесинин 7-пунктунда Бирликтин бажы чек арасы аркылуу алып өтүлгөн товарларга карата бажы контролун жүргүзүүдө бажы декларациясыз жеке жак тарабынан ишке ашырылат, бажы органдын кызматтык жактары жеке жактардан мындай товарларды көрсөтүүнү, ошондой эле жеке жактар билдирген маалымдардын аныктыгын ырастаган, анын ичинде аны ооз эки сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча болгон  документтерди көрсөтүүсүн талап кылууга укуктуу деп белгиленген.


Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 258-беренесинин 8-пунктунун 2-абзацына ылайык “Жеке адамдын жүргүнчүлүк бажы декларациясын бербестен бажы операциялары бүткөн сызыктарды кесип өтүшү, эгерде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жеке адамдын бажылык декларациялоого жаткан товарлардын жоктугу тууралуу билдирүүсү болуп саналат.”.


Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 260-беренесинин 6-пунктуна ылайык “Бирликтин бажы чек арасынан коштоочу жолжүктө өткөрүлүүчү жеке пайдаланууга арналган товарларды бажылык декларациялоо  бул товарларды бажы органына көрсөтүү менен бирге Бирликтин бажы чек арасы аркылуу алар өткөн учурда жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт”.


Акыркы убакта айрым ак ниетсиз жарандар ЕАЭБдин мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды өткөрүү үчүн ар кандай методдорду колдонушууда.


Мисалы: 2019-жылдын 31-январында “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залында кол саат муляжы түрүндө 792,85 грамм салмактагы баалуу металлды ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлган. Ошондой эле 2019-жылдын 21-апрелинде “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залында  кол саат муляжы түрүндө 557,35 грамм салмактагы баалуу металлды ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлган.


2019-жылдын 1-январынан баштап МБКнын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан төмөнкү фактылар аныкталган:


1.  2019-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залында жалпы салмагы 266,4 грамм баалуу металлды ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлган. Бишкек-Дели (Индия) багыты боюнча рейси менен учуучу жаран Т.Н. текшерип кароо учурунда сумканын кармагычы түрүндө колдонулган колго жасалган сары металлдан буюм табылган. Бул факт Кылмыштар жана укук бузуулар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн ЭККМКнын тергөө башкармалыгына тергөөгө караштуулугу боюнча берилген.

 

2. 2019-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залында жалпы салмагы 792.85  грамм баалуу металлды ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлган. Бишкек-Дели (Индия) багыты боюнча рейси менен учуучу Кыргыз Республикасынын жараны С.С. колго жасалган белгилери менен сары металлдан чынжырча жана кол саат муляж түрүндө сары металлдан буюм табылган.

Колго жасалган бул чынжырча жана саат сары түстөгү баалуу металлдан (алтын) жасалган. Бул факт 31.01.2019-жылы Маалыматтарды каттоо журналына катталган, материалдар Кылмыштар жана укук бузуулар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн КРӨгө караштуу ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына тергөөгө караштуулугу боюнча берилген.

 

3. 2019-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залында жалпы салмагы 471,90 грамм баалуу металлды ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлган. Бишкек-Дели (Индия) багыты боюнча рейси менен учуучу Кыргыз Республикасынын жараны А.Б. сары металлдан буюмдар (сынам коюу мүнөздүү издери менен зер буюмдар) табылган. Бул факт Маалыматтарды каттоо журналына катталган, материалдар Кылмыштар жана укук бузуулар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына ведомстволук караштуулугу боюнча жөнөтүлгөн.


4. 2019-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залында жалпы салмагы 267,25 грамм баалуу металлды ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлган. Бишкек-Дели (Индия) багыты боюнча рейси менен учуучу Кыргыз Республикасынын жараны А.М.Ж. колго жасалган белгилери менен сары металлдан кол саат түрүндө буюм табылган. Бул факт Кылмыштар жана укук бузуулар бирдиктүү реестрине катталган жана жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

 

5. 2019-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залында жалпы салмагы 267,25 грамм баалуу металлды ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлган. Бишкек-Дели (Индия) багыты боюнча рейси менен учуучу Кыргыз Республикасынын жараны Э.А.Л. колго жасалган белгилери менен сары металлдан кол саат түрүндө буюм табылган. Бул факт Кылмыштар жана укук бузуулар бирдиктүү реестрине катталган жана жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.