Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажы чараларын колдонуу маселелери боюнча семинар болуп өттү Print
Friday, 31 May 2019 11:52

 

 

2019-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана «Русбренд» фирмалык соода маркаларын өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясы менен биргеликте, Евразия Экономикалык комиссия жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы Россия Федерациясынын Бажы кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматташуусунда  интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажы чараларын колдонуу маселелери боюнча семинар өткөрүштү.


Иш-чаранын максаты интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарлардын бажы чегарасын өтүү учурундагы укук бузууларынын алдын алуу жана тыюу салуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу.

 


Семинар контрафактылык (каракчылык) продукциялардын жайылтылуусу экономикага, калктын саламаттыгына жана байгерчилигине оор коркунуч көрсөткөндүгүнө байланыштуу, интеллектуалдык менчикти коргоонун эң орчундуу маселелерин талкуулоо үчүн дискуссиялык аянтча болуп саналат.


Ошондой эле, семинарда ЕАЭБдин алкагында интеллектуалдык менчик объектилерине коргоону камсыздоо жана ЕАЭБтин чек ара аркылуу товарларды өткөрүү учурундагы интеллектуалдык менчик объектилерине укук коргоону камсыздоо боюнча чаралар талкууланды.


Семинардын практикалык пайдасын белгилеп кетүү зарыл, себеби интеллектуалдык менчик объектилеринин укук коргоо, бүгүнкү күндө абдан маанилүү. Санофи (дары-дармектер), Леви Страусс (кийм-кече), «British American Tobacco Plc» (тамеки), «Интеллект-Защита» ( «Castrol» жана «Motul» соода маркалары), «Власта консалтинг» («Mazda» жана «WD40»), «Adidas» соода маркасы (кийм, бут кийим) компанияларынын өкүлдөрү катышуучуларды жасалма (контрафактылык) продукцияларды түп нускалуу товарлардан кантип айырмалоо белгилери менен тааныштырышты. Тренинг чегара аркылуу өткөн товарларга түздөн-түз көзөмөл жүргүзүүчү  бажы кызматкерлери үчүн абдан пайдалуу болду.


Иш-чаранын жүрүшүндө укук ээлеринин баяндамачыларына көптөгөн суроолор болду, аларга өз учурунда ынандыруучу жооптор алынды. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар ыраазычылык билдирип, интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жаатында бажы кызматкерлеринин иши жакшы экени айтылды.


Семинардын ишине Кыргызстандын бажы кызматтарынын, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бизнес коомчулуктун жана чет элдик укук ээлери катышты.