ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген күрүч Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print
Thursday, 08 August 2019 16:37

 

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 2-август күнү Ош областында Кыргыз Республикасынын жараны Т.А.Снын башкаруусундагы “МАН 12232” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.


Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 6000 кг, 120 кап күрүч табылган.


Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.


Бул факт 2019-жылдын 2-август күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.