ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган компот аралаштырмасы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print
Monday, 02 September 2019 11:24

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргыз Республикасынын жараны А.Р.Мдин башкаруусундагы “Шитай” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.


Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7000 кг., болгон кургатылган компот аралаштырмасы табылган.


Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 525 000 сом.


Бул факт 2019-жылдын 28-август күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Баткен областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.