ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген жер жаңгак жана кургатылган компот аралаштырмасы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды Print
Tuesday, 03 September 2019 12:07

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н.Анын башкаруусундагы “Камаз” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.


Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4000 кг., болгон кургатылган компот аралаштырмасы жана жалпы салмагы 3000 кг., болгон тазаланбаган жер жаңгак табылган.


Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 540 000 сом.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Баткен областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.