Адистештирилген-окутуу бажысынын базасында бажы органдарынын кызматкерлери үчүн «Контрафакт товарларын аныктоо жана аларды түп нускадан айырмалоо» темасында семинар болуп өттү Print
Thursday, 21 November 2019 16:52

2019-жылдын 12-ноябрында Адистештирилген-окутуу бажысынын базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен биргеликте бажы органдарынын кызматкерлери үчүн «Контрафакт товарларын аныктоо жана аларды түп нускадан айырмалоо» темасында семинар болуп өттү. Бул семинарга бажы органдарынын 15 кызматкери катышты.


Дарсчы катары Нажимудинов Аскарбек Сапарбекович - Кыргызпатенттин Укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле Шустова Юлия - Schmitt&Orlov Intellectual Property Казакстандык кеңсесинин бажы органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча адиси сабак өтүштү.