“Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 2 тоннага жакын лимон кармалды Print
Saturday, 03 March 2018 11:44

 

2018-жылдын 1-март күнү болжол менен 00:30 чамасында, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылында, Баткен-Ош жолунда Кыргыз Республикасынын жараны Э.Н.С. башкарган КРдин мамлекеттик номер белгиси менен ак түстөгү “Мерседес-Бенц 408” спринтер үлгүсүндөгү автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген.


Жогоруда аталган автотранспорттук каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына Таджикистан Республикасынан ташып келе жаткан жалпы суммасы 133 000  сомду түзгөн  1900 кг көлөмүндө “Лимон” табылган.


Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.