“Баткен” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген өрдөк эти кармалды Print
Wednesday, 14 March 2018 11:50

 

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Баткен” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен областынын караштуу Дөбө айылында, Кыргыз Республикасынын жараны С.У.У., башкарган КРдин мамлекеттик номер белгиси менен “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген.

Жогоруда аталган автотранспорттук каражатты текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин бажы аймагына бажыга тийиштүү документтери жок ташып келе жаткан Республика Тажикистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 560 кг түзгөн өрдөк эти табылган. Кармалган товардын жалпы суммасы 134 400 сомду түзөт.

Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча КРдин ЭКККБна өткөрүлүп берилди.