“Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан жалган декларациялоо фактысы аныкталды Print
Monday, 26 March 2018 11:38

2018-жылдын 9-март күнү Кытай Эл Республикасынан келген транзиттик декларациясына ылайык, “Ош” бажысынын “Эркештам” алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы аркылуу “Ы.К” ЖЧКнын дарегине төмөнкү товарлар дайындалган: 55468 АКШ доллар суммасындагы «BROOMAN» чоңдор үчүн эркектердин бут кийими таза салмагы 21390 кг жана 22682 АКШ доллар суммасына эркектер үчүн капчыктар (портмоне)  “CANEUO”  таза салмагы 3240 кг.


Бажылык тыкыр кароо жүргүзүүдө бажы максаттары үчүн дайындалбаган, жалпы салмагы 24665 кг “Аялдар ички кийми” товарлары табылган.  Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 040 083 сомду түзөт.


Иштин материалдары Ош областынын прокуратурасына тергөө боюнча өткөрүлүп берилди.