“Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген ири өлчөмдөгү тамекилер кармалды Print
Monday, 26 March 2018 14:49

 

2018-жылдын 24-март күнү болжол менен 17:30 чамасында, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областынын Кызыл-Жол айылында, Кыргыз Республикасынын жараны А.С.С., башкарган КРдин мамлекеттик номер белгиси менен “МАН” үлгүсүндөгү автотранспорттук каражат чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.


Айдоочуну кармаган учурда жүккө жана автотранспорттук каражатка тийиштүү жана өздүгүн тастыктаган документтерди берген эмес.

Жогоруда аталган автотранспорттук каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына Таджикистан Республикасынан аксиздик маркасы менен ташып келе жаткан жалпы суммасы 20 000 000  сомдон ашык сумманы түзгөн,  850 каробка же 425 000 куту ар кайсыл товардык маркадагы (Marlboro, Winston, Senator, Elite, ACTPA, Ambassador, mond, Camel ж.б.) фильтирлүү тамекилер табылган.


Кармалган товардын наркын аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органга кат жөнөтүлгөн.


Кармалган товарлардын “тамеки продукцияларынын” баардык жагдайлары аныкталганча Ош шаарынындагы терминалга киргизилди.

Учурда тергөөгө чейинки иштер жүргүзүлүүдө.