Эл керектөөчү товарларды жалган декларациялоо фактысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан аныкталды Print
Monday, 02 April 2018 13:20

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына эл керектөөчү товарларды ташып келүүдө жалган декларациялоо фактысы аныкталган. Товарларды алуучу болуп “Т.С.К.” ЖЧК эсептелет.


Бажыга төлөнүлүүчү баардык бажы алымдары (келтирилген зыян) 6 607 291,32 сомду түзөт.


Жогорудагы факты боюнча чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо жана чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.