Малекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Ош облустук ИИБнын КМКнын кызматкерлери менен биргеликте КРдин жаранынын үйүнөн “АКС” маркасындагы ок атуучу куралды таап алышты Print
Written by Admin   
Wednesday, 10 April 2019 16:23

 

 

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин алкагында өз ара аракетешүү Планына ылайык Ыкчам бажынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү уюштуруу бөлүмүнүн жана Кинологиялык кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облустук ИИБнын Кирминалдык милиция кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2019-жылдын 3-апрель күнү бажы кызматынын кызматтык издөө иттерин колдонуу менен Ош облустунда жайгашкан КРдин жараны М.Р.Анын үйүнө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Тинтүү иштеринин жыйынтыгында КРдин жараны М.Р.Анын үйүнөн “АКС” маркасындагы ок атуучу курал табылып алынган.

Бул факт боюнча жогоруда аталган жаран кармалып Ош облустук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

 

Last Updated on Wednesday, 10 April 2019 16:56