Информация о ставках таможенных пошлин согласно Единого таможенного тарифа ЕАЭС, которые вступают в силу с даты вступления в силу Договора о присоединении КР к ЕАЭС.

Баннер
Баннер


mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня682
mod_vvisit_counterВчера1557
mod_vvisit_counterЗа неделю2239
mod_vvisit_counterПрош. неделя15177
mod_vvisit_counterЗа месяц52641
mod_vvisit_counterПрош. месяц57169
mod_vvisit_counterВсего2870197

Online (за послед. 20 мин.): 36
Ваш IP: 54.158.219.248
,
Дата: 2018-05-28 10:49

Уважаемые граждане и гости Кыргызской Республики!

Таможенная служба просит принять участие в электронном опроснике в целях повышения уровня работы таможенной службы в целом.

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
21-февраль Эл аралык эне тил күнүн белгилөө алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында “Бажы кызматында мамлекеттик тилдин абалы жана көйгөйлөрү” деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү Печать

 

21-февраль Эл аралык эне тил күнүн белгилөө алкагында 2018-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында “Бажы кызматында мамлекеттик тилдин абалы жана көйгөйлөрү” деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү.

 

Жогоруда аталган тегерек столго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Н.А.Ражабалиев, борбордук аппараттын башкармалыктарынын начальниктери, бажы органдарынын компетенттүү кызматкерлери катышышты.

 

 

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана мамлекеттик тил боюнча бажы кызматынын куратору Супатаева Альфира атайын конок катары чакырылган.


Тегерек столдун максаты бажы кызматында мамлекеттик тилдин учурдагы абалын жана негизги көйгөйлөрүн  талкуулоо болду.


Алгач Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Н.А.Ражабалиев сөз сүйлөп Эл аралык эне тил күнү менен конокторду жана кызматкерлерди куттуктап өттү.


Тегерек столдун жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген бажысынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу бөлүмүнүн начальниги Тойалиева Гулмира Мамлекеттик бажы кызматында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалган иштер тууралуу келген конокторго баяндама жасады.


Мамлекеттик тил боюнча бажы кызматынын куратору Супатаева Альфира бүгүнкү күндөгү Мамлекеттик мекемелердеги мамлекеттик тилдин абалы жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Тест тууралуу кенен  маалымат берди, кызматкерлер  кызыккан суроолоруна толук жооп ала алышты.


Иш чаранын жүрүшүндө бажы кызматында мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча жакшы сунуштар жана ой пикирлер айтылды.


Тегерек столдун жыйынтыгында бажы кызматынын тийиштүү кызматкерлерине мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир каттар тапшырмалар берилди.

 

 

 

 

 
© 2012 Государственная таможенная служба при Правительстве КР