«Ак-Марал» эс алуу борборунун жаңы корпусунун курулушуна убакыт капсуласы салынды
01.06.20260
2026-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги тарабынан «Ак-Марал» эс алуу борборунун жаңы корпусунун курулушунун башталышына карата убакыт капсуласы салынды.
Иш-чарага МБКнын Борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, бажы органдарынын жетекчилери, ошондой эле «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3900 чарчы метрден ашык болгон жаңы беш кабаттуу корпус эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн заманбап инфраструктура менен жабдылат. Мындан тышкары, комплекстин аймагында термалдык бассейндерди куруу каралган.
Долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттин каражаттарын тартпастан, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тарабынан бажыга байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө түшкөн кирешенин эсебинен каржыланат.
Көчмө кеңешменин алкагында Электрондук декларациялоо борборун киргизүүгө даярдык көрүү маселелери да каралды. Катышуучулар «Смарт Бажы» маалыматтык системасында декларациялоо блогун иштеп чыгуунун жүрүшүн, ошондой эле Электрондук декларациялоо борборун ишке киргизүү үчүн зарыл болгон уюштуруу иш-чараларын талкуулашты.
Кеңешменин жыйынтыгында МБКнын жетекчилиги тарабынан бажы кызматынын инфраструктуралык долбоорлордун жана санариптик демилгелерин андан ары ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


.jpeg)


.jpeg)


.jpeg)
.jpeg)
