АОБдо кинология боюнча эл аралык окуу-практикалык семинар өттү
04.03.20260
«Адистештирилген окутуу» бажысынын базасында кинология боюнча окуу-практикалык семинар болуп өттү. Окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин өз ара кызматташуусунун алкагында уюштурулду.
Иш-чарага Улуу Британиядан келген эл аралык эксперт-инструктор Дэйв Хибберт мырза катышты. Ошондой эле семинарга КР МК караштуу МБКнын бажы органдарынын кинологдору, КР ИИМдин БМЖКККнын кинология борборунун, КР Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын, КР МК караштуу ЖАМКнын жана КРдин Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышышты.
Семинардын алкагында кызматтык ишмердүүлүктө андан ары пайдалануу үчүн күчүктөрдү багуу жана тандоо боюнча британдык тажрыйба сунушталды. Катышуучулар кызматтык иттерди даярдоонун заманбап ыкмалары, ошондой эле, машыгуу процессин уюштуруунун алдыңкы усулдары жана дрессировкалоо техникасын өркүндөтүүнүн алдыңкы ыкмалары менен таанышты.
Иш-чарага жалпы 10 адам катышып, анын ичинде бажы кызматынын эки кызматкери катышты. Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)