Автотранспорт каражатынын ээсин аныктоо жөнүндө кулактандыруу
22.07.20261
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Баткен бажысынын «Кызыл-Бел» алдын ала бажылык жол-жоболорду жүргүзүү жана бажылык тариздөө жайынын аймагында турган автотранспорт каражатынын ээсин аныктоо зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Грузия Республикасынын мамлекеттик каттоо номерлери тагылган автотранспорт каражаты 2020-жылдын 31-августундагы №10803040/310820/0073629 транзиттик декларациясынын негизинде бажылык транзит бажы жол-жобосу менен Евразия экономикалык бирлигинин аймагы аркылуу Тажикстан Республикасына жөнөтүлгөн.
Бирок 2020-жылдан бери аталган автотранспорт каражаты «Баткен» бажысынын «Кызыл-Бел» эл аралык өткөрүү пунктунун жана бажы органынын аймагында турат жана бүгүнкү күнгө чейин ээси тарабынан талап кылынган эмес. Аталган автотранспорт каражатына карата кызыкдар жактар аныкталган эмес.
Аталган автотранспорт каражатынын менчик ээси болуп саналган же ага мыйзамдуу укугу бар жарандар менчик укугун же транспорт каражатына болгон башка мыйзамдуу укуктарын ырастоочу документтерди көрсөтүү менен Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысына кайрылуулары зарыл.
Эгерде мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө автотранспорт каражатынын ээси же башка кызыкдар жактар бажы органына кайрылышпаса, Мамлекеттик бажы кызматы аталган автотранспорт каражатын ээси жок мүлк деп таануу жана аны мамлекеттин менчигине өткөрүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте сот органдарына кайрылууга аргасыз болот.
Кошумча маалыматты Баткен бажысынан төмөнкү телефон номери аркылуу алууга болот: +996 (3622) 6-00-51.

.jpeg)

