Автоунааны кинологдорго өткөрүп берүү: МБК менен ЕККУнун кызматташтыгын өнүктүрүү

29.04.20251

2025-жылдын  28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Салиев менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси А.Роговдун жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын белгилешти. Мамлекеттик бажы кызматынын кинологиялык даярдоо бөлүмүн өнүктүрүү максатында ЕККУнун Программалык кеңсеси Мамлекеттик бажы кызматына 2025- жылы чыгарылган JAC М3 үлгүсүндөгү автоунааны тапшырды. Унаа кызматтык иттерди ташуу жана үйрөтүү үчүн колдонулат.

Тапшыруу аземинде МБКнын кинологдору иттерди үйрөтүү боюнча пландары тууралуу айтып, чек ара коопсуздугун камсыз кылууда кинологиялык кызматтын маанилүү ролун баса белгилешти.
Мамлекеттик бажы кызматы ЕККУнун Программалык кеңсесине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Мындай демилгелер Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөрү белгиленди.