Баткен облусунда 10 килограммга жакын гашиш алынган
09.06.20260
«Баткен» бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Баткен облустук ИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам-изилдөө иш-чарасынын натыйжасында, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү фактысы токтотулду.
2026-жылдын 18-майында Кадамжай районунда 1987-жылы туулган А.С.Д аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынан баңгизат болуп эсептелинген өзгөчө жыты бар, 10 уюган зат табылып, алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат гашиш экендиги аныкталган. Баңгизаттын жалпы салмагы 9,9 килограммдан ашык салмакты түздү.
Мындан тышкары, кызматтык-издөө итин катышуусунда шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө эки даана сайлуу, бир даана жылмакай ок атуучу курал ошондой эле 7,62 мм калибрдеги 43 даана патрон табылып, алынган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
.png)

.png)
.png)
.png)
.jpg)
.png)
.png)
.png)