Баткен облусунда транзиттик жүктү мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды
29.10.20260
2026-жылдын 28-октябрында «Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери «Чечме» мобилдик тобу менен биргеликте ЕАЭБдин жана КРдин бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарында Өзбекстан Республикасынын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаада Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик жол менен Сох анклавына жеткирилиши керек болгон жалпы салмагы 791 кг жаңы бышкан мөмө-жемиштер болгон.
Айдоочу бажы пломбасына зыян келтирбестен, бажы транзитинин шарттарын бузуу менен товарды белгиленген дарекке жеткиргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагына түшүргөнү аныкталган.
Түшүрүлгөн жүк кайрадан автоунаага жүктөлүп, убактылуу сактоо үчүн «Баткен» бажысынын аймагына жеткирилди. Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, окуянын чоо-жайы такталууда.
.jpeg)

.jpeg)
