Бажы кызматынын кызматкерлери Шопоков шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын куттукташты
01.06.20260
1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө «Бишкек» ЭЭЗ бажысынын жана «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери Шопоков шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барышты.
Бул өзгөчө күнү мекеменин тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, балдар үйүнүн суроо-талабына ылайык даярдалган белектерди тапшырышты. Балдарга велосипеддер, самокаттар жана кийим-кечелер берилди. Бул белектер балдарга кубаныч тартуулоо гана эмес, өзгөчө көңүл буруунун, камкордуктун жана колдоонун белгиси болду.