Чэндудагы эл аралык логистикалык көргөзмө: интеграциянын келечеги жана санариптик чечимдер
30.04.20261
2026-жылдын 27–29-апрелинде Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында эл аралык логистикалык көргөзмө болуп өттү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева Кыргызстандын глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялануу келечеги тууралуу негизги баяндама жасады.
Ал өз сөзүндө мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгаруунун артыкчылыгын белгилеп, бул процесстерди санариптештирүүгө, жол-жоболордун ачыктыгына жана товарларды өткөрүүдөгү убакыттык чыгымдарды кыскартууга негизделиши керектигин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасында бажы тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар эл аралык соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана анын регионалдык жана дүйнөлүк логистикадагы ролун чыңдоого багытталгандыгы белгиленди.
Кыргыз тараптын көргөзмөгө катышуусу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бажылык администрациялоо менен логистика тармагында заманбап чечимдерди киргизүүгө багытталгандыгын тастыктады.


