Чек арадагы коркунучту кантип аныктоого болот - профилдөө жана интервью алуу боюнча семинар

11.06.20250

Психологиялык профилдештирүү, тынчсыздандырган жүрүм-турумду аныктоо жана экспресс интервьюларды өткөрүү – бул көндүмдөргө БОМКА-10 программасы тарабынан уюштурулган тренингдин алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери окутулду.

Окутуу 2025-жылдын 2-июнунда Бишкек шаарында онлайн форматта өттү. Катышуучулардын арасында профилдик ведомстволордун өкүлдөрү жана региондогу адистештирилген окуу жайлардын окутуучулары бар.

Катышуучулар мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдардын жүрүм-турумун ыкчам баалоонун заманбап ыкмалары менен таанышты, бул потенциалдуу тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоого жана өткөрүү пункттарындагы коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.